Шайлоону жылдырууну талап кылган митингдин уюштуруучусу: Жакынкы күндөрү кийинки митинг качан өтөрүн жарыялайбыз
Активист милиция кызматкерлерин митингчилерди ур-токмокко алышканын айтып берди
Жакынкы күндөрү парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча кийинки митинг качан өтөрү белгилүү болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кечээ өтүп, айрым катышуучуларынын кармалышы менен аяктаган тынчтык акциясынын уюштуруучуларынын бири Тилекмат Күрөнов билдирди.
- Биз - уюштуруучуларга начар мамиле кылышкан жок, - деди ал. - Тилекке каршы, кээ бир тарапташтарыбызды милиция ур-токмокко алды. Эртең-бүрсүгүнү басма сөз жыйынын өткөрүп, кийинки митингдин күнүн белгилейбиз.
Эске салсак, кечээ Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө каршы тынчтык митинги өтмөк. Активисттер өкмөт алсыздыгын моюнга алып, өз эрки менен отставкага кетишин талап кылышкан.
Милиция чогулган адамдарды кууп таратып, нааразычылык акциясынын уюштуруучуларын кармап кеткен.
Медина Купсулдаева
Фото www