Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматова Владимир Путинден Кыргызстанга жардам берүүнү суранды (видео)

«Биздин алыбыз келбей калды»

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Россиянын президенти Владимир Путинке кайрылып, кыргызстандыктарга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү суранды. Мындай кайрылуусун ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн.

«Урматтуу, Россия Федерациясынын президенти. Урматтуу Владимир Владимирович!

Мен Кыргызстандын коомдук ишмери - Ассоль Молдокматова. Сизден Кыргызстандын элине жардам көрсөтүшүңүздү суранам.

Өлкөдө гуманитардык катастрофа болуп жатат: медициналык жабдуулар, ИВЛ, кислороддук аппараттар, дары-дармектер, кесипкөй кадрлар жетишсиз. Россия дарыларды чыгарып, ооруканаларды куруу менен аёосуз душман -коронавируска татыктуу туруштук бере алганын биз жакшы билебиз.

Биз Сизден Кыргызстандын элине жардам берүүнү суранабыз. Эң жогорку өлүм көрсөткүчү биздин өлкөдө болуп жатат. Биздин алыбыз келбей калды. Жардам сурайм», - деген Молдокматова.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх