Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15-июль: Кыргызстанда 439 адам коронавирус жуктурду

11 адам COVID-19дан, 74 кыргызстандык пневмониядан көз жумду

Кыргызстанда 15-июлга карата 439 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте - 172, Чүй облусунда - 70, Ошто - 53, Ош облусунда -30, Жалал-Абад облусунда -32, Баткен облусунда -32, Ысык-Көл облусунда -14, Нарын облусунда -1, Талас облусунда бир учур.
Акыркы суткада коронавирустан 11 адам көз жумду. Алардын арасында Ноокат районунда эмгектенген бир медициналык кызматкер бар. Жалпысынан өлкө боюнча башынан бери COVID-19 аныкталган 160 адам көз жумду.

Пневмония бир күндө 74 адамдын өмүрүн алды. 57си өлкө боюнча жана Бишкекте 17 адам.2020-жылдын мартынан бери пневмониядан 571 адам кайтыш болду.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх