Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кечээтен бери 521 адамдан COVID-19 аныкталды

7 адамдын көз жумганы айтылды. Ооруканалардан 75 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда 16-июлга карата 521 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалагынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

- 16-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктурган 521 учур катталды, - деди ал. - Бишкекте -273, Чүй облусунда - 74, Ошто - 38, Ош облусунда -16, Жалал-Абад облусунда -43, Баткен облусунда - 39, Ысык-Көл облусунда -30, Талас облусунда - 81.

Илдетти жаңы жуктуруп алгандардын 96сы - ак халатчандар. Эпидемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 миң 498 адам катталды.

Акыркы суткада COVID-19 7 адамдын өмүрүн алды.
Жалпысынан коронавирустан 167 адам көз жумду.

Пневмониядан кечээтен бери 41 адам кайтыш болду: 20 адам өлкө боюнча жана 21 - Бишкекте.

Бир сутка ичинде 75 адам айыгып, ооруканалардан чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх