Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан айыккан адамдар эмнеге көңүл буруулары керек?

«Антибиотик, гормоналдык дары-дармектер жана С гепатитине каршы дары-дармектер менен өз алдынча дарылануу ден-соолукка терс таасир тийгизип, ооруканадагы дарыланууга да кедергисин тийгизиши мүмкүн»

Коронавирустан айыгып чыккан бейтаптар ден-соолугуна тыкыр мамиле кылып, дарыгерлердин сунушун жазбай аткарууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мисалга, дем алуу көнүгүүлөрүн аткарып, диета кармануу.
Алардын бардыгы коопсуздук чараларын сактоого тийиш: бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, ошондой эле колдордун гигиенасын сактап жана социалдык аралыкты бузбашы керек.

«Антибиотик, гормоналдык препараттар жана С гепатитине каршы дары-дармектерди өз алдынча колдонуу ден-соолукка зыян тийгизиши мүмкүн, - деп баса белгиледи Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова. - Ооруканага түшкөндө бейтаптын буга чейин ичкен дарылары кийинки дарыланууга таасирин тийгизиши мүмкүн. Бейтаптардын абалдары начарлап, башка илдеттери өтүшүп кетиши ыктымал. Эң башкысы - адамдар өздөрүнүн ден-соолугуна тыкыр мамиле кылып, дем алууусу тездеп же энтигип баштаган учурда дароо ооруканага кайрылуулары зарыл».

Республикалык штаб
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх