Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

17-июль: Кыргызстанда коронавирус жуктурган 603 учур катталды

Акыркы суткада 6 адам көз жумду

Кыргызстанда 17-июлга карата 603 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

Алардын ичинен Бишкекте - 300 адам, Чүй облусунда -82, Ошто -67, Ош облусунда - 30, Жалал-Абад облусунда -48, Баткен облусунда -53, Ысык-Көл облусунда -6, Нарын облусунда -бир, Талас облусунда -5 адамдан аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус киргенден бери 13 миң 101 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада коронавирус 6 адамдын өмүрүн алды. Алардын арасында Ош облус аралык ооруканасынын башчысынын орун басары Темиркан Жаматова бар.

COVID-19дан жалпысынан 173 адам көз жумду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх