Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Активисттер «Бош Тизме» аттуу тиркеме түзүштү. Ал кайсы ооруканада канча бош орун бар экени көрсөтөт

Мындан сырткары, тиркемеде коронавируста колдонулган тигил же бул дары Бишкектин кайсыл дарыканаларынан табууга болору жөнүндө маалымат да камтылган

Жарандык активисттер «Бош Тизме» аттуу мобилдик тиркеме түзүп, анда ооруканалар менен стационарлардагы бош орундар туурасында маалыматты табууга болот.

Мындан сырткары, тиркемеде коронавируста колдонулган тигил же бул дары Бишкектин кайсыл дарыканаларынан табууга болору жөнүндө маалымат да камтылган.

Активисттер программаны акысыз түзгөнү белгиленди.

Баса, маалыматты тиркеменин колдонуучулары да жаңылай алышат: муну менен жарандар керектүү дары-дармектери таап же жакындарын ооруканаларга тез арада жаткыра алышат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх