Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаш окуучу Меккеге чогулткан акчасын коронавируска каршы күрөшкө берди (видео)

Мустафа дээрлик 4 миң сом чогулта алган

Мустафа аттуу жаш окуучу Меккеге барам деп чогулткан акчасын коронавируска каршы күрөшкө берди. Мындай видео белгилүү ырчы Анжеликанын Инстаграмдагы социалдык баракчасында пайда болду.

«Пандемия бүткөндө мен Мустафанын Меккеге жол киресин төлөп берем. Биз эринбей анын тыйындарын санап чыктык. 3 миң 820 сом экен», - деген ырчы.

Артист Мустафанын атасы да ооруп жатканын айткан.

Эске салсак, буга чейин да бир нече жаш кыргызстандыктардын чогулткан акчаларын коронавирус менен күрөшүүгө беришкени маалымдалган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх