Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадан Бишкекке 425 кыргызстандык кайтты

Учуп келген мекендештердин арасында  21 кыргыз дарыгери да бар

«Аэрофлот – Российские авиалинии» авиакомпаниясынын учагы менен Москвадан Бишкекке 425 кыргызстандык кайтты. Бул тууралуу КРнын ТИМнен маалымдашты.

Кыргызстанга кайтууну каалаган мекендештерин саны көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнөн, элчиликтин жана РФдагы КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган комиссия түзүп, ага кош бойлуу аялдар, оорулуулар жана жакындары кайтыш болгон же башка орчундуу себептер менен Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон жарандар кирген.

Ошондой эле, аталган каттам менен Россияда жашаган жана мекендештерине коронавирус менен күрөшүүгө жардам беребиз деп өз эрктери менен белсенген 21 медицина кызматкери келгени белгиленди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх