Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн-кабыл алуу башталды

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт

Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн-кабыл алуу башталды.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат..

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары, абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачып бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат; кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын, тактыгын камсыз кылат жана сапатын жогорулатат; ЖРТ сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтыруу; окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат; адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгүн камсыз кылынат.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:
1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер жождо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Белгилей кетсек, кесиптик окуу жайларга да кабыл алуу быйыл онлайн түрүндө башталды. Бул үчүн "Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы - http://www.spuz.edu.gov.kg/” иштелип чыкты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх