Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Далилдөөчү медицина боюнча эксперт: Эң мыкты реанимация - «Гансиде». Ошол жакка алып баргыла! (видео)

Бермет Барыктабасова реаниматологдор Бишкектеги коронавируска байланышкан абалды оң жагына өзгөртө алышты деген пикирде

Коронавируска чалдыккандар үчүн эң чоң жана мыкты жабдылган реанимация мурдагы «Ганси» аскердик базасында. Бул тууралуу далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова билдирди.

«Алгачкы күндөрү тозоктогудай болду,- деп жазган ал социалдык тармакта. - Колдо эч нерсе жок, коркконуңдан жүрөк чыгып кетейин дечү, а бейтаптарды тынымсыз алып келип жатышты. Каргыш тийгир вирус жүздөгөн жарандар менен дарыгерлердин өмүрүн жалмады. Азыр болсо дарыгерлер буттан туруп калышты. Бир түндө катталып жаткан 16 өлүм бирин-экинге түштү. Гансинин реанимациясына алып баргыла»

Барыктабасова «Ганси» стационарындагы 50 реанимациялык орунга жакында дагы 20 кошуларын кошумчалаган.

«Бүгүнкү күндө бул өлкөдөгү эң чоң жана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган реанимация, - деп белгилеген ал. - Ал тургай Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында да 12 эле орун бар, калган ооруканаларда андан аз жана алардын бардыгы толуп калган. Көп ооруканаларда реанимациялык орундар деген таптакыр жок».



Фото www


Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу жаңылыктардан кабардар болуңуздар!

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх