Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

21-июль: Кыргызстанда 1 миң 108 адамдан COVID-19 табылды

Коронавирус менен пневмониядан 42 кыргызстандык көз жумду

Кыргызстанда 21-июлга карата 1 миң 108 адамдан COVID-19 жана пневмония аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгыныны башчысы Айнура Акматова маалымдады.

- Алардын ичинен Бишкекте - 323, Ошто -124, Чүй облусунда -122, Ош облусунда -93, Талас облусунда -70, Нарын облусунда -54, Ысык-Көл облусунда -154, Жалал-Абад облусунда -107, Баткен облусунда -61 жаран бар, - деп билдирди Акматова. Илдетти жаңы жуктургандардын 47си - ак халатчандар.

Өлкө боюнча башынан бери 28 миң 251 учур катталды.

1667 кыргызстандык айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 14 миң 776 жаран коронавирусту жеңди.

Соңку сутка ичинде 42 жаран коронавирус жана пневмониядан көз жумду.


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх