Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт COVID-19 жуктурган 40 медициналык кызматкерге компенсация төлөп берет

Саламаттыкты сактоо министрлиги документтер даяр болгондон кийин дароо бул акчаларды төлөп берүүнү убадалады

КРнын өкмөтү тарабынан коронавирус жуктурган 40 медициналык кызматкерге компенсация төлөп берет. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында 40 дарыгерге кенемте төлөп берүүгө жалпысынан 200 миң сом бөлүнгөн.

- Бүгүн комиссиянын жыйыны өтөт, анда компенсация төлөп берүү маселеси каралат, - деп тактады Акматова. - Дарыгерлердин тизмеси бардык аймактар боюнча түзүлдү. Кенемте берилүү үчүн ар бир дарыгерге тийиштүү документтер керек. Бирок, аймактар бизге бир жалпы документ гана жиберишкен.

Белгилей кетсек, COVID-19 аныкталган медициналык кызмкаткерлердин жалпы саны 2 миң 428ди түзгөн.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх