Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке Екатеринбург жана Россиянын бир катар башка шаарларынан 188 кыргызстандык кайтты

Бир учак менен Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермь шаарларындагы КРнын жарандары учуп келишти

Россиянын Екатеринбург шаарынан «Авиатраффик» компаниясынын чартердик каттамы менен Бишкекке 188 кыргызстандык кайтты. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аталган учак менен Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермь шаарларындагы Кыргызстанга кайтууга орчундуу себептери бар Кыргызстандын жарандары учуп келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы шаарлар менен аймактардагы жарандар менен кыргыз диаспораларынан түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле, аталган категориядагы жарандардын мурда «Авиатраффик» компаниясынан авиабилеттерди сатып алып, бирок, түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу учуп кете албай калгандары да эске алынган.
Фото

КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх