Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө коомдук транспорт кайрадан каттай баштады

Коомдук транспортту жүргүнчүлөр менен 70 пайызга гана толтурууга болот

Ысык-Көл облусунда коомдук транспорт кайрадан каттай баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

- 10 күндөн бери жарандар жеке унаалары менен гана облуска кирип жана аймактын ичинде жүрүп жатышкан, - деп эске салышты алар. - Бул чектөөлөр эми алынды, бирок, эс алууну каалагандар бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу коопсуздук чараларын эстен чыгарбашы керек. Мындан сырткары, коомдук транспортту жүргүнчүлөр менен 70 пайызга гана толтурууга болот.
Облустук администрацияда бийлик менен адистердин кеңештерин көз жаздымда калтырып жаткан жарандардын аракеттерине капачылыгын да билдиришти.

- Биз жарандардан көчөгө чыкпай, үйдө болууларын суранганбыз, бирок, кээ бирлер коронавирустун бар экенине дагы деле ишенишпейт, - дешти алар. - Башынан бери Ысык-Көл облусунда COVID-19 катталгандардын 8 учуру гана сырттан келгендерден чыккан, калгандардын бары - байланыштын айынан.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Ысык-Көл обусунун жергиликтүү бийлиги аймакка коомдук транспортттун киришине убактылуу тыюу салган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх