Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургдан Бишкекке 165 кыргызстандык кайтты

Ушул эле учак менен ыктыярчы дарыгерлер жана Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда жашаган кыргызстандыктар жиберген гуманитардык жардам да келди

«Тез Джет» авиакомпаниясынын чартердик каттамы мененСанкт-Петербургдан Бишкекке Кыргызстандын165 жараны кайтты. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекенге келүүнү каалаган кыргызстандыктардын саны абдан көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдү алуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, учакка жүйөөлүү себептер менен Кыргызстанга кайтууга муктаж болгондор алынган.

Мындан сырткары, ушул эле каттам менен Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган үч дарыгер-мекендеш, ошондой эле, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда жашаган кыргызстандыктар жардам катары жиберген дары дармектер да алынып келинди

Фото КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх