Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядан 50гө жакын медицина кызматкерлери Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн учуп келишти

Россиядан COVID-19 менен күрөшүү үчүн келген медициналык топтун ичинде хирургдар,кардиологдор, педиатрлар, травматологдор, анестезиологдор, пульмонологдор бар

Коронавирус менен күрөшүүгө келген медиктердин басымдуу бөлүгү Башкырстандын адистери. Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында COVID-19 менен күрөшүү үчүн келген 5 топтон турган 50дөй ак халатчандар медицинада тажрыйбалуу ар тараптуу адистер. Алардын ичинде хирургдар., кардиологдор, терапевтер, педиатрлар , травматологдор, анестезиологи-реаниматологдор, инфекционисттер бар.

Алар Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн бир ай аралыгында болоорун айтышкан. Бул убакыт ичинде COVID-19 ооруган адамдарга жардам берип дарылашарын билдирет.
“Бүгүндөн баштап Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаал менен таанышып, эртенден баштап ишти Кыргызстандын ар кайсы аймактарында башташат”- дейт Шадыханов.

ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх