Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирусту толук аныктаган россиялык лабораториялар ачылды

Лабораториялар Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан 

2020-жылдын 22-июлунан тарта Кыргызстандагы «Гемотест» лабораториялык бөлүмдөрүндө SARS-CoV-2 вирусу козгогон COVID-19 инфекциясына комплекстүү анализ тапшырууга болот.

Кыргызстанда аталган лабораториянын үч бөлүмү бар: Бишкекте экөө жана Ош шаарында бирөө, үчөөнөн тең эми COVID-19га толук диагностикадан өтүүгө болот.

ПЧР-изилдөө бейтап илдетке чалдыкканбы-жокпу аныктап, ал эми IgM жана IgG антителдерине тесттер инфекциянын өрчүшүнүн стадиясын жана организмдин иммундук туруштугун көрсөтөт.

Лабораториялардын даректери жана иш тартиптери:

Бишкек
- Армейская көчөсү, 150;
- Панфилов көчөсү, 203.

Иш тартиби: Дүйшөмбү-Ишемби - 7:30дан 14:30га чейин, Жекшемби - 7:30дан 12:00гө чейин.

Бирок, коронавирустук инфекцияга биоматериалды алуу жана жыйынтыктарды берүү 10:30дан 14:00гө чейин жүрөт. Башка бардык изилдөөлөр боюнча биоматериалдарды алуу, жыйынтыктарды берүү жана бейтаптарды кабыл алуу 7:30дан 10:00гө чейин.

Ош
- Монуев көчөсү, 138.

Иш тартиби: Дүйшөмбү-Ишемби – 8:00дөн 14:30га чейин, Жекшемби - дем алыш.

Коронавирустук инфекцияга биоматериалды алуу жана жыйынтыктарды берүү - 12:30дан 15:00гө чейин. Башка бардык изилдөөлөр боюнча биоматериалдарды алуу, жыйынтыктарды берүү жана бейтаптарды кабыл алуу менен УЗИ дарыгери 8:00дөн 12:00гө чейин жүргүзүлөт.

Коронавируска каалаган тест тапшыруудагы милдеттүү шарт болуп - COVID-19 жуктургандар менен акыркы 14 күндүн ичинде байланыштын болбогону жана 5 күндүн ичинде ОРВИ симптомдорунун (ден табынын көтөрүлүшү, жөтөл же тамактын оорушу) жоктугу болуп эсептелет.

Бөлүмдөрдө бардык керектүү коопсуздук чаралары каралган, бир маалда имараттын ичинде 5тен ашык киши чогула албайт, бөлмөлөр тынымсыз дезинфекцияланып, ал эми кызматкерлер атайын коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх