27-июлга карата Кыргызстанда 483 жаңы учур COVID-19 жана пневмония менен катталды
Бир суткада 24 адам каза болду
Кыргызстанда 27- июлга карата 483 жаңы учур COVID-19 жана пневмония менен катталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.
— Бишкекте - 154 учур,Ошто - 59,Чүй обл. - 21, Ош обл. - 39, Баткен обл. - 32, Ысык-Көл обл. - 72, Нарын обл - 9, Жалал-Абад обл. - 70, Талас обл - 27 учур, - катталганын Акматова билдирди.
Бир суткада 24 жаран көз жумду. Бейтапканадан 817 адам дарыланып айыгып чыкты
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз