Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Общеобразовательная выставка

КРЮМнин юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалагы кызматтарын кайрадан улантат

Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу зарыл болгон учурда гана ал жакка кайрыла алат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетин токтотууну каттоо жана кыймылдуу мүлктөрдү каттоо кызмат көрсөтүүлөрү боюнча өз ишин 2020-жылдын 27-июлунан тартып кайрадан улантат.

Мында, өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Юстиция министрлиги жарандардын массалык топтолуусун болтурбоо үчүн, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шарттарында санитардык талаптарды сактоо максатында, жарандарга юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетин токтотууну каттоо, аны менен бирге кыймылдуу мүлктөрдү каттоо маселелери боюнча өтө зарыл болгон учурда гана кайрылууну сунуштайт.

 

КР Юстиция Министрлиги кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх