Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новосибирский Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын 184 жараны учуп келди

Бул рейс менен кыргыз диаспорасынын 500 миң рубль өлчөмүндө чогулткан гуманитардык жардамы да кошо келген 

Новосибирсийк шаарынан Бишкекке  «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын учагы 184 адам менен учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.


Бул учуп келген жарандардын тизмесинде: кары адамдар, боюнда бар аялдар, жашы жете элек балдар, чет жерде окуган студенттер жана операция кылдыруу үчүн Новосибирский шаарына барган адамдар да  бар.
Бул рейс менен Иркутскийден , Сахалин,Томский областарынан, Саха-Якутиядан келген Кр жарандары  келген .
Белгилеп айта кетчү нерсе бул рейс менен Новосибирский облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан чогултулган 500 мин.рублдей каражатка медициналык каражаттары бар жүк да жеткирилген.
Мындай иш чаралар дагы улантыла бермекчи.

ТИМ басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх