Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарындагы стационарларга кайрылгандардын саны азайды

Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга алгачкы медициналык жардам кѳрсѳтүүнү улантууда

Күн сайын стационарларга кайрылгандардын саны азайып баштады. Ѳткѳн суткада 13 күндүзгү стационарга 1 миң 688 адам кайрылып, 9 адам ооруканага жаткырылды. 26-июлдан 27-июлга караган түнү түнкү стационарлар 357 адамды кабыл алды.

27-июлга карата күндүзгү стационарлар 72 миң 4 адамды, түнкү стационарлар 6 миң 644 адамды кабыл алды.

Бактыга жараша каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ковид-19 дарылоо алгоритми боюнча иштеп жатышат.

Бүгүнкү күндѳ стационарларда үйбүлѳлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Күндүзгү стационарларда 236 адам, түнкү стационарларда 59 адам иштеп жатат.

Команда 14 күн иштеп, андан кийин эки жума обочолонууга кетишет. Азыр кезмет алмашуу болуп, экинчи дарыгерлер тобу ишке киришти. Медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак-аш, убактылуу турак-жай, акысыз байланыш жана айлык-акы менен камсыздалды.

Урматтуу дарыгерлер, медицина кызматкерлери! Шаар колдоого муктаж, мэрия сиздерди жардам берүүгѳ чакырат. Толук маалымат: 0500 848 848 Тансуу.

Эскерте кетсек, стационарларда бардык санитардык талаптар сакталган. Биздин максат – ооругандарга убагында медициналык жардам кѳрсѳтүү.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Ѳзүңүздѳрдү жакшы караңыздар, ѳз алдынча дарыланбаңыздар! Ооруп калсаңыздар стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге ѳз убагында медициналык жардам кѳрсѳтѳт.

Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!

Бишкек Мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх