Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новосибирскден Ошко  169 Кыргызстандын жараны учуп келди 

Бул рейс менен Кыргызстандын Новосибирскдеги  диаспорасы уюштурган 700 миң рубль өлчөмүндөгү гуманитардык жардам кошо алынып келинди

Новосибирский Ош чартердик каттам боюнча  «Сибирь» (S7) авикомпаниянын  учагы менен Кыргызстандын  169 жараны учуп келди . Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдириди  

Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск облусундагы КР Башкы консулдугуна келип түшкөн Новосибирск аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлүп, алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди. Аны менен бирге, бул каттам менен Красноярсктан, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарындагы мекендештер кайтып келишти.

 Бул рейс менен Кыргызстандын Новосибирскийдеги  диаспорасы уюштурган 700 миң рубль өлчөмүндөгү гуманитардык жардам жеткирилген. 

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда


КР ТИМ басма сөз кызматы.
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх