Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарындагы эки стационар бейтаптар кайрылбаганы үчүн убактылуу ишин токтотту

Акыркы суткада 1 миң 268 бейтап кайрылган

Бишкек шаарындагы Октябрь районунуна караштуу «Сейтек» мектебинин алдында  ачылган стационар жана «Салтанат» ресторанында ачылган стационар убактылуу ишин токтотот. Себеби кайрылган бейтаптардын саны азайган.Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Эртен дагы  "Жал " кичи районундагы №95 мектептеги стационар да жабылат.

«Кечээ күндүзгү жана кечки стационарлар 1 миң 176 адамды кабыл алышкан. 1-2-августта түнку стационарларга 192 адам кайрылгын.

"Башка стационарлар ишин токтотпостон улантып жатышат, кырдаалга жараша байкап турабыз"- дейт муниципалитет.

Эске сала кетсек күндүзгү стационарлар эртең менен саат 8ден кечки саат 8ге чейин иштеп жатышат.

 

Бишке мэриясы басма сөз кызматы

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх