Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы борбор калаадагы кайсы базарлар кайсы күндөрү дезинфекцияга жабыларын жарыялады

Ар бир базар аптасына бир күн дезинфекцияга жабылат

Шаардык чарбалык субъектилер пандемия жана Өзгөчө абал шартында санитардык эрежелерди тыкыр сактоо менен иш алып барышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык базарларда жума сайын санитардык күн өтүүдө. Соода түйүндөрү тазалыкты дыкат сакташып, вирус жана микробдорду жолотпоо үчүн таштанды, тамак-аш калдыктарынан үзгүлтүксүз арылышууда.

Кайсы базар кайсы күнү дезинфекцияга жабык?

Дүйшөмбү күндөрү: Дордой, Аламедин, Орто-сай, Сары-Өзөн, Эталон, Алкан базары, Элит Строй, Ак-Суу, Кербен, Евразия, Алтын-Тоо, муниципалдык базар, Делюкс, Алдаяр, Строймаркет, Таш-Рабат 1 жана 2, Техномаркет.Шейшемби: Ак-Эмир, Уйго Жарашык, Ыйман, Ярмарка Мега-Комфорт, Аалам, Чолпон, Шар-Чебер ТЭБ, Кок Сай, Арпа ОсОО «КААР», м/р Айдин.Шаршемби: Курама-сан (Чынар), Мадина и Таалай и К.
Бейшемби: Бабакан и Улар.
Жума: «Азиз», «Дордой Дыйкан».
Жекшемби: ТРК «Ош-базары», Уста, Баткен жана Комфорт-KG.

«Кудайберген» автотетиктер базарында жумасына үч жолу дезинфекциялык тазалоо жүрүп, бирок базар жабылбайт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх