Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

4-июль: Кыргызстанда 412 адамдан COVID-19 менен пневмония аныкталды

Жети адам көз жумду

Кыргызстанда 4-августка карата коронавирустук инфекция менен пневмония 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

- 4-августка карата COVID-19 менен пневмония жуктурган жаңы 412 учур катталды,- деди Акматова. Анын ичинен Бишкекте -114, Ошто - 43, Чүй облусунда - 37,Ош облусунда - 39, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда - 41, Жалал-Абад облусунда - 70, Баткен облусунда 30 учур.

Алардын 25и - ак халатчандар.

Жети киши көз жумду.
- Бишкек – 3;
- Ош – 1;
- Чүй облусу – 1;
- Жалал-Абад облусу – 1;
- Талас облусу – 1.

Жалпысынан 1 миң 427 адам каза тапты. Акыркы сутка ичинде 816 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх