Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу өчүрүлөт

«ВПУ» суу алгычында авария орун алды

 Эртең, 6-августта Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Бул туураклуу борбор калаанын мэриясы кабарлады
««ВПУ» суу алгычындагы аварияга байланыштуу 6-августта, эртең мененки 9дан баштап 20:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт», - деп жазылган билдирүүдө.
Сөз Садовая, Чокон Валиханов, Чүй проспекти жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак боюнча.

Ошондой эле, төмөнкү объектилерде да суу жок болот:
- «Учкун» кореялык борбору;
- Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти;
- Мамлекеттик бажы кызматы;
- Тамеки фабрикасы;
- «Бишкексүт» (2-ой вводго которуу);
- Чокон Валиханов 15/1 көчөсүндөгү «Аламедин» станциясы;
- «Аламедин» станциясынын алдындагы ДЭПО өрт үчүрүүчү кызматы»;
- «Форестер»;
- Чокон Валиханов 16 дарегиндеги «Народный» дүкөндөрүнүн кеңсеси;
- Клуб «Промзона»;
- «Яшар» тегирмени;
- ОАО «БОЭМЗ»;
- «Бекнур» эмерек үйү;
- Автосборочный көчөсүндөгү жыгач иштетүүчү завод;
- з/д «Бессер»;
- ЧП «Горынин»;
- Шабдан Баатыр ⅔ дарегиндеги «Би Стар» ЖЧКсы;
- «Кара-Жыгач» жаңы конушундагы мончо;
- Бишкек бетон заводу, Мухтар Ауэзов, 1/2;
- «Имарат Бетон», Виноградный, 1/8;
- «Дос ЛТД» ЖЧКсы, Шабдан Баатыр, 1/4;
- Чокон Валиханов, 2 Мамлекеттик каттоо кызматы.

Мындан сырткары, бул күнү «Учкун» конушунда таза суунун басымы азайтылат.

«Биз келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, шаардыктар менен мекемелерден таза сууну алдын ала камсыздап алышын өтүнөбүз», - дешти муниципалитетте.
Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор менен 1533 номуруна кайрылсаңыздар болот.
Ошондой эле, шаардык мэриянын колл-центри дагы күнү түнү иштөөдө (1840 и 1850). Фото жана видеофактыларды мурдагыдай эле 0(554)182-185 вотсап номерине жиберүүгө болот

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх