Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 5-августка карата 569 адамдан COVID-19 жана пневмония аныкталды

Акыркы суткада илдеттен 11 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 5-августка карата 569 адамдан COVID-19 менен пневмония аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

- Алардын ичинен Бишкекте - 190, Ошто -84, Чүй облусунда -45, Ош облусунда -64, Талас облусунда -43, Нарын облусунда -13, Ысык-Көл облусунда -41, Жалал-Абад облусунда - 47, Баткен облусунда -42, - деди ал. Алардын 20сы - медициналык кызматкерлер.

Ошондой эле, сутка ичинде илдет 11 адамдын өмүрүн алганы белгилүү болду.

Акыркы сутка ичинде 767 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пандемия башталгандан бери 29 миң 510 кыргызстандык ооруну жеңди.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх