Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Дагы төрт стационарды азырынча жаап туруу чечими кабыл алынды

Акыркы суткада күндүзгү жана түнкү стационарларга 1 миң 137 адам кайрылган

Шаардыктар эң аз кайрылган дагы төрт стационарды күз-кыш мезгилине карата каражатты үнөмдөө жана адамдык ресурстарды сактоо максатында азырынча жаап туруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 7 стационардын иши азырынча токтотулду:
- «Сейтек» мектебиндеги;
- «Жал» кичи районундагы № 95 мектептеги;
- №83 мектептеги;
- №81 мектептеги;
- №94 мектептеги;
- «Арал» кафесинин базасындагы;
- «Кара Жыгач» жаңы конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар.

Калган стационарлар азырынча кадимки тартипте иш алып барышууда.

Акыркы суткада күндүзгү стационарлар 964 адамды кабыл алса, ал эми түнкү стационарларга 4нөн 5не караган түнү болгон 173 адам кайрылган..

Күндүзгү стационарлар бир ай ичинде 84 миң 689 адамга медициналык жардам көрсөттү, түнкүлөр болсо 8 миң 688 шардыкты кабыл алышкан.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх