Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

№1 шаардык оорукананын жетекчиси кызматынан алынды

Учурда анын орун басары убактылуу мекеменин башчысынын орун басарынын кызматын аткарууда

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Бишкектеги №1 шаардык оорукананын жетекчилигинин иши боюнча комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгын бүгүнкү брифингде маалымдады.

-ЖМКларда чагылдырылган маселелер боюнча комиссия иш алып барды, - деп эске салды ал. - Ыктыярчылар жана уюмдар тарабынан берилген жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында №1 шаардык клиникалык оорукананын жетекчиси Жусуп Бошкоев ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда анын уюштуруу иштери жана инфекциондук көзөмөл боюнча мекемедеги орун басары убактылуу мекеменин башчысынын орун басарынын кызматын аткарууда.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg аталган ооруканада эмгектенген ак халатчан айымдын мекеменин жетекчилиги бейтаптарды кабыл албай, өз туугандарына даярдап жатат деген арызын жарыялаган эле. Анын айтымында мунун айынан дарыгерлердин жардамына муктаж болгон бейтап каза болуп калган. Дарыгер ушундай кесипти тандап алганына өкүнүп жатканын, жетекчилигине абдан нааразы экенин айткан. Ал ошондой эле, күнөөлүү болуп жашагасы келбесин, андыктан пандемия аяктаса бул жашоо менен кош айткысы келерин да белгилеген.

Андан кийин грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиев №1 шаардык ооруканасынын дарыгерлери ыктыярчылар тарабынан берилген респиратордук бет каптарды алышпаганын айтып чыккан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов анда өкмөт ооруканаларда өз жакындарына орундарды сактап жаткан мекеменин жетекчилигин аныктоо боюнча иш алып барып жатканын ишенимдүү айткант.

Саламаттыкты сактоо министрлиги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын ишмердүүлүгү боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх