Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 503 киши COVID-19 менен пневмония жуктуруп алды

Төрт киши илдеттен көз жумду

Кыргызстанда 7-августка карата COVID-19 менен пневмония 503 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.

- Бишкекте — 125 адам, Ошто— 51, в Чүй облусунда — 28, в Ош облусунда — 74,Талас облусунда— 35, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 81, Жалал-Абад облусунда — 53, Баткен облусунда — 47 адам. Алардын ичинен 17си - медициналык кызматкерлер.

Илдетке чалдыккан төрт киши көз жумганы белгилүү болду. Алардын ичинен Ош облусунда -1, Жалал-Абад облусунда -1, Талас облусунда -1 жана Нарын облусунда 1 бейтап.

Жалпысынан коронавирус менен пневмониядан 1451 кыргызстандык көз жумду.

Акыркы сутка ичинде 665 адам ооруну жеңип, ооруканалардан чыгышты.
2020-жылдын 7-августуна карата Кыргызстанда башынан бери 39 миң 162 адамдын COVID-19 жуктуруп алганы аныкталган. 30 миң 764 кыргызстандык айыгып чыгышты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх