Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн колледждерге кабыл алуунун II туру башталды

1-турдун жыйынтыгы менен 22 миң 70 өтүнмө катталды

7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталды.

Документтердин түп нускаларын студенттер окождорго окуу жылдын башында бериши керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх