Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 500 миңден ашык адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Өлкө боюнча социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түзөт

2020-жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 503,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 339,2 миң адамды түзсө, “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 96,7 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 67,3 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,8 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түздү.
Министрликтин маалыматы боюнча, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 3803,5 млн.сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 1735,7 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 1795,9 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 271,9 млн.сом каржыланган.

ЭСӨМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх