Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10-август: Кыргызстанда 258 адамдан COVID-19 менен пневмония аныкталды

Илдетти жуктурган алты адам көз жумду

Кыргызстанда акыркы суткада 258 адамдан коронавирустук инфекция менен пневмония аныкталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

- Бишкекте — 84 адам, Ошто — 24, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 25, Талас облусунда— 5, Нарын облусунда— 10, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 37, Баткен облусунда— 35. Илдетти жаңы жуктургандардын 11и - ак халатчандар.

Алты адам көз жумду. Эпидемиянын башынан бери Кыргызстанда коронавирус менен пневмониядан 1 миң 474 адам көз жумду.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх