Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

11-августка карата Кыргызстанда COVID-19 менен пневмония 278 адамдан аныкталды

Илдет төрт адамдын өмүрүн алды

Акыркы суткада 278 адамдан коронавирустук инфекция менен пневмония аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

- Бишкекте — 104 учур, Ошто -19, Чүй облусунда -21, Ош облусунда -34, Талас облусунда -3, Нарын облусунда 13, Ысык-Көл облусунда -17, Жалал-Абад облусунда -40, Баткен облусунда 27 учур. Алардын сегизи - медициналык кызматкерлер.

Эпидемия Кыргызстанга киргенден бери оору жалпысынан 40 миң 455 адамдан аныкталган.

Өткөн суткада төрт адам көз жумду. 535 адам илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх