Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин кичүү кызы турмушка чыкты
Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев жаштардын өкүл атасы болгону айтылды
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин экинчи кызы Сезим турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жаштардын тою 8-август күнү борбор калаадагы тойканалардын биринде жакын адамдарынын коштоосунда өткөн. Күйөө бала Өзгөндүн кулуну экени, 23 жаштагыСезим Иманалиева менен университетте бир тайпада окуганы айтылган. Жаштардын өкүл атасы белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев болду.
Эске салсак, Элмирбек Иманалиев үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Ал кант диабетинен жабыркап жүргөн.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз