Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумуш издеген жарандар Эмгек министрлигине онлайн билдирүү калтыра алышат

zanyatost.kg сайтында бош жумуш орундарын карап, кеңеш алуу менен бирге тест тапшырууга да болот

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы жаңы кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Эми жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жумуш издөөчү катары каттоого төмөнкү шилтеме менен он-лайн режимде арыз бере алышат: http://zanyatost.kg/

Ошондой эле порталда он-лайн режиминде кызыктырган маселелер боюнча консультация алууга, республика боюнча бош жумуш орундар менен таанышууга, коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жана кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды билүүгө болот. Окуучулар жана кесиби жок жарандар үчүн, көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесиптик багыт боюнча тесттерден өтүүгө болот.

Мындан тышкары, порталда жумуш берүүчүлөр үчүн маалымат берилген бөлүм иштеп жатат, анда алар өз вакансияларын zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн режиминде илүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле порталда иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бардык аймактык бөлүмдөрдүн байланыш маалыматы жайгаштырылган (даректери, телефон номерлери, электрондук почта).

КР ЭСӨМ басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх