12-август: Кыргызстанда 304 адам COVID-19 менен пневмония жуктурду
Өткөн суткада илдеттен 6 адам көз жумду
Кыргызстанда 12-августка карата COVID-19 менен пневмония 304 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
- Бишкекте - 88 адам, Ошто– 21, Чүй облусунда - 27, Ош облусунда -42, Талас облусунда -7, Нарын облусунда -11, Ысык-Көл облусунда -37, Жалал-Абад облусунда -28, Баткен облусунда -43, - деди ал. Алардын арасында 14 медициналык кызматкер бар.
Акыркы сутка ичинде 260 адам ооруканалардан айыгып, үйлөрүнө чыгышты.
Илдеттен 6 адам кз жумду.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз