Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургдан Бишкек шаарына Кыргызстандын 151 жараны учуп келди

Комиссиялык тандоо жарандардын шарттарына карап жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн

Санкт-Петербургдан Бишкек шаарына 151 Кыргызстандын жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиялык тандоо жарандардын шарттарына карап жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн.

Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш баласы бар аялдар, студенттер, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Бул иш чара КР президентинин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Мындай иш чаралар дагы  улантыла бермекчи. КР ТИМ басма сөз кызматы

КР ТИМ басма сөз кызматы

Фото КР ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх