Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова: Спорттук карьерамды аяктаганга чейин спортко аралашпайм

Спортсмен кыз 2021-жылдагы Олимпиадага чоң үмүт артат

Белгилүү кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын аяктагыча саясатка аралашпайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.

«Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди.
Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма кыргызстандыктар жана күйөрмандарым!Баарыңыздарга ден соолук каалайм!», -деп жазган ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх