Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия кийинки Көчмөндөр Оюндарында Кыргызстан негиздеген салттарды сактап калат деп ишендирди

Кийинки Көчмөндөр Оюндары Изник ​​көлүнүн жээгинде өтөт

Өткөн шаршембиде, 2020-жылдын 12-августунда, Түркиянын Бурса провинциясынын Изник ​​шаарында, Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясы ортосунда 2021-жылы Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулук аспектилери боюнча Протоколго кол коюлган. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. Ошентип, 2021-жылдагы масштабдуу жана көрүнүктүү эл аралык иш-чаралардын бирине даярдык башталды.

Документке кол коюлган иш-чарага Түркиянын спорт жана жаштар министри М.Касапоглу, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары С.Чам, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Б.Эрдоган, Бурса провинциясынын губернатору Ю.Жанболат жана Бурса шаарынын мэри А. Акташ катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк тарап оюндардын негиздөөчү мамлекети болгон жана алардын калыптанышына жана дүйнөгө таанылышына баа жеткис салым кошкон Кыргыз Республикасы экенин белгилешти. 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Кыргызстан тарабынан ийгиликтүү өткөрүлүшү өзгөчө белгиленди.


Түркия тарап Оюндарга даярдыктар жөнүндө маалымдап, Кыргыз Республикасы орноткон салттарды эң мыкты түрдө сактап кала тургандыгына ишендирди. Буга көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүүчү жайынын символикасы далил болот. Изник ​​шаарынын аймагында шаарды басып алуу үчүн болгон салгылашта курман болгон кыргыз аскерлеринин эстелиги орнотулган. Мындан тышкары, кыргыз тарап салтка ылайык, оюндарды Изник ​​көлүнүн жээгинде өткөрүү пландалууда.


Маалымат үчүн: 2018-жылы Кыргызстанда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары ийгиликтүү өткөрүлгөндөн кийин, эстафета түрк тарапка кийинки оюндарды 2020-жылы Түркияда өткөрүү тапшырылды.

Бирок, COVID-19 пандемиясынан улам, Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү 2021-жылга калтырылды.

КР ТИМ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх