Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейддер улантылууда

Шаар бийлиги полиция менен биргеликте көчөлөрдү, сейил бактарды жана соода борборлорун текшерди

Бишкек мэриясы шаар көчөлөрүн кыдырууну улантты. Шаар бийлиги кайыр сурап, зомбулук көрсөткөн же иштөөгө мажбур болгон балдарды издеп жатат.

Бул жолу Первомай Акимияаты, Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер инспекциясы , Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлөөнү жана балдарды коргоо бөлүмү  менен биргеликте көчөлөрдү, сейил бактарды жана соода борборлорун текшеришти.

Бактыга жараша, бир дагы өспүрүм кароосуз калган жок.

Балдарды коргоо боюнча рейддер улантылууда.

Эскерте кетсек, балдарга жана өспүрүмдөргө (18 жашка чейинки )коомдук жайларда түнкүсүн (жай мезгилинде 1-июндан 31-августка чейин) саат 23.00дөн 06.00гө чейин, калган убактысы 22.00дөн 22.00гө чейин тыюу салынат. Саат 06.00дө, ата-энелердин жана алардын ордун баскан адамдардын коштоосунда болуусу зарыл.

Урматтуу ата-энелер! Мыйзамга ылайык, балдарды тарбиялоого, күтүүгө жана коопсуздугуна сиз жооптуусуңуз. Балдардын  эмгегин зордоп пайдаланууга тыюу салынат!

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз баланын кыянаттыкка же кайырчылыкка кабылгандыгын байкасаңыз, тез арада милицияга 102 жана биз, райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө, ошондой эле:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Первомай району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх