Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кайнар" рестораны жана башка мекемелер пандемиянын шарттарында мыйзам бузгандыгы үчүн айыпка жыгылышты

90го жакын мекеме текшерилди. Айып пулдардын суммасы 46 миң сомго жетти

Кайрадан ресторан, кафелер санитардык эрежелерди бузууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия шарттарында санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Өткөн эс алууда бизде эс алууга убакыт болгон жок. Биз ар бир шаар тургунун, ишкерлерди КОВИД-19дан коргоо үчүн коомдук жайлардагы санитардык абалды текшердик.

Биз 90дой чарба субъектисин текшерип, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 12 протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 46 миң сомго жетти. Пандемия шарттарын бузгандардын катарында: “Кайнар”, “Палацио”, “Сары Өзөн” ресторандары, “Абстракт” кафеси, ошондой эле, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” супермаркети, “Даамдуу” тез тамактануу жайы кирет.

Убактылуу режим киргизилгенден тартып СЭИ 1 миллион 477 сомго 339 протокол түздү.

Санитардык рейддер улантылууда.

Урматтуу ишкерлер! Сураныч, санитардык талаптарды сактаңыздар – бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу.

Урматтуу шаар тургундары! Өтүнүч, куран окутууларды, тойлорду өткөрбөңүздөр! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх