Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун милиция кызматкерлери көлмөлөөрдүн жанында рейд өткөрүүдө (фото)

Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөр катышкан суудагы кырсыктардын алдын алуу

Аламүдүн районунун Ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору 2020-жылдын 14-августунан 15-августуна чейин "Өспүрүмдөрдүн жайкы" профилактикалык иш-чарасынын алкагында суу объектилерине рейд жүргүзүштү.

 

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон суу трагедиясынын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду. Өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлору өспүрүмдөргө жана ата-энелерге суу объектилеринин жанында жүрүү эрежелери жөнүндө айтып беришти, эс алуучуларды сууда сүзүүдө этият болууга, балдарын көзөмөлдөп, жеке коопсуздук эрежелерин так сактоого үндөштү.

 

Рейддин жүрүшүндө тыюу салынган жерлерде сууда сүзүп жүргөн бир нече бала аныкталды, инспекторлор аларды үйүнө алып кетишти жана ата-энелери менен алдын алуу сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Ушундай рейддер жай мезгилинде жүргүзүлөт.


Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх