Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги COVID-19дан айыккан акыркы бейтапты ооруканадан бийдин коштоосунда узатышкан(видео)

Коронавирус менен ооруган бардык бейтаптар   айыгып бейтапканадан чыгарылды

Кыргыз темир жолдору бейтапканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө чыгарышты. Бул боюнча медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова билдирди. Анын айтымында бейтапкананын жетекчилиги коронавирусту жеңген пайгамбар жашындагы айымды салтанаттуу түрдө үйүнө узатууну чечти.

Ирина Шевцова: “К.Ж. аттуу 1941-жылы 16-июлда туулган айым биздин бейтапканага 6-августта түшкөн. Бишкек шаарынын тургуну COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгонун аныктадык. Анын абалы орто болчу. Курагы 80ге кирип калган карыя биздин дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды”, - дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары.

Өз сөзүндө Ирина Шевцова азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштаганын кошумчалады.

 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигин басма соз кызматы

Видео КР Саламаттыкты сактоо министрлигин басма соз кызматынан алынды

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх