Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадан Ошко Кыргызстандын 235 жараны учуп келди

Бул рейстеги жүргүнчүлөрдүн тизмеси комиссия тарабынан түзүлгөн

Бүгүн, 18-августта, «Москва-Ош» каттамы боюнча Урал авиакомпаниясынын бортунан Россияга келген Кыргыз Республикасынын 235 жараны, анын ичинде жаш балдар дагы кайтып келишти.

Борттогу орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, бул рейсте жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, элчиликтин кызматкерлеринен, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо, мурдагыдай эле, гуманитардык критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Тактап айтканда, рейсте Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулуктун аягында жана кичинекей балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар, акыркы операциялар, жакындарынан айрылуу жана башка оор турмуштук жагдайлар бар жарандар келищкен.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы
photo www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх