Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулуктан көчөдө бир жигит кызды тапанча менен коркутуп, сабап салган

Шектүү жаран кармалган. Ал өз ыктыяры менен тергөөгө куралын берген

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы Э.А арыз менен кайрылган. Белгисиз жаран ал кызга 15-август күнү болжол менен саат 01:30 чамасында Шопоков көчөлөрүнүн биринде курал менен коркутуп, денеге зыян келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул  жигитке карата чара көрүүнү суранган 

Бул факты Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын ААЖ АЖПда катталган
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) статьясы менен иш козголгон .

Полиция кылмышка шектүү  22 жаштагы С.А. аттуу жараны кармашты, ал өз ыктыяры менен тергөөгө куралын берген, азыркы учурда бардык
жагдай иликтенип жатат.

Азыркы учурда эксперттик иликтөөлөр дайындалды, алардын жыйынтыгында  иш-аракеттерине укуктук баа берилет.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх