Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдан Бишкекке 166 Кыргызстандык учуп келди

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан жана кыргыз диаспораларынан келип түшкөн арыздарды эске алуу менен түзүлгөн

Бүгүн, 2020-жылдын 19-августунда, «Урал аба жолдору» ААКнын чартердик рейси Екатеринбургдан Бишкекке келди, анда 166 кыргызстандык, анын ичинде балдар дагы мекенине кайтып келишти.

Бул рейс Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Новый Уренгой, Надым, Ноябрск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан (ар кандай оорулар менен, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш энелер менен) кайтууга муктаж болгон жарандар, балдар, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандар келген).

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардан жана кыргыз диаспораларынан келип түшкөн арыздарды эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, ушул категориядагы адамдар учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Урал аба жолдорунун рейстери үчүн авиа билеттерди сатып алышкандыгы эске алынды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх