Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы 297 Кыргызстандык Москвадан Ошко учуп келди

Бул рейстеги жүргүнчүлөрдүн тизмеси комиссия тарабынан түзүлгөн

Бүгүн 20-августта Москва-Ош каттамы боюнча, «Аэрофлот – Российские авиалинии» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргыз Республикасынын 297 жараны учуп келди, анын ичинде жаш балдарда бар.

Учакта орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көп болгонуна байланыштуу, бул рейсте жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан комиссия түздү.

Тандоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлдү. Тактап айтканда, рейсте кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар, операция болгондор, туугандары кайтыш болгондор  жана башка оор турмуштук жагдайлар бар адамдар бар. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх