Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Телесабактар боюнча мугалимдерге кезектеги тренинг өткөрүлдү

Азыркы учурда география жана кыргыз тили мугалимдери окуудан өтүштү

Билим берүү жана илим министрлиги телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги семинар-тренингин өткөрдү

Бул сапар окутуу аралыктан окутуу боюнча координаторлор тарабынан тарых, адам жана коом, математика сабагынын мугалимдерине уюштурулду.

Катышуучуларга сапаттуу видеосабакты даярдоо, тартуу тууралуу усулдук сунуштар, кеңештер берилди. Ар бир мугалим талкууга жандуу катышып, кызыккан суроолоруна жооп алды. Буга чейин тартылып даярдалган сабактар көрсөтүлүп, анализ жүргүзүлдү.

Телесабактарга тандалып алынган 260дан ашуун мугалим тартылып жатат. “Санарип мугалим” бир айлыгынан алкагында аларга семинар-тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Буга чейин география, кыргыз тил мугалимдери окутуудан өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх